Казакстандык Олимпиада чемпиону өмүр бою спорттон четтетилиши мүмкүн

19 январь 2021 12:38 2765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, казакстандык Нижат Рахимов өмүр бою спорттон четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kz сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Казакстандык спортчу 2016-жылы допинг-тестке карата заара анализин алмаштырган деп шектелүүдө. Ошол жылы ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болгон.

Эгерде Рахимовдун күнөөсү далилденсе, анда ал экинчи жолу эреже бузгандыгы үчүн узак мөөнөткө, же өмүр бою спорттон четтетилип, жеңиштеринен ажыратылат. 2013-жылы ал Азербайжандын атынан чыгып, допинг колдонгону үчүн эки жылга дисквалификацияланган.

2014-жылы ал Казакстанга келип, жергиликтүү жарандыкты кабыл алган. Эки жылдык тыюу аяктагандан кийин, Рахимов 2015-жылы Дүйнөлүк Чемпионатта жана 2016-жылы Олимпиадада Казакстандык катары жеңишке жеткен.

Буга чейин Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) допингге каршы эрежелерди бузду деген шек менен Рахимовду мелдештен убактылуу четтеткени белгилүү болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-olimpiada-chempionu-mr-boyu-sportton-chettetilishi-mmkn



Добавить комментарий