Казакстандык Олимпиада чемпиону өмүр бою спорттон четтетилиши мүмкүн
Оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, казакстандык Нижат Рахимов өмүр бою спорттон четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kz сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Казакстандык спортчу 2016-жылы допинг-тестке карата заара анализин алмаштырган деп шектелүүдө. Ошол жылы ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болгон.
Эгерде Рахимовдун күнөөсү далилденсе, анда ал экинчи жолу эреже бузгандыгы үчүн узак мөөнөткө, же өмүр бою спорттон четтетилип, жеңиштеринен ажыратылат. 2013-жылы ал Азербайжандын атынан чыгып, допинг колдонгону үчүн эки жылга дисквалификацияланган.
2014-жылы ал Казакстанга келип, жергиликтүү жарандыкты кабыл алган. Эки жылдык тыюу аяктагандан кийин, Рахимов 2015-жылы Дүйнөлүк Чемпионатта жана 2016-жылы Олимпиадада Казакстандык катары жеңишке жеткен.
Буга чейин Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) допингге каршы эрежелерди бузду деген шек менен Рахимовду мелдештен убактылуу четтеткени белгилүү болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-olimpiada-chempionu-mr-boyu-sportton-chettetilishi-mmkn
Добавить комментарий ×