Казакстандын Караганда шаарында барар жери жок кыргыз келинди элчилик издеген жок

12 февраль 2020 09:00 740 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги "Карагандада талаада калган кыргызстандык келин" боюнча жарыяланган маалыматтан кийин ага жардам берүү үчүн аны менен байланышууга аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Социалдык тармактын колдонуучулары Караганда шаарында сууктун күнү көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддинде түнөп жүргөн кыргызстандык келин боюнча маалыматты жарыялашкан. Анда келиндин жүрүм-туруму жакшы экенин, бирок кыйналып жүргөнү жүзүнөн даана байкалары айтылган. Ошондой эле, билдирүүнү жазган киши аял Кыргызстандан болорун, документтери жок болгондуктан мекенине кайтууга шарты жок экенин белгилеген.

"Алгачкы маалыматтар — аты-жөнү, туулган жылы, жери тууралуу кабар болбогондуктан Казакстандын укук коргоо органдарына тийиштүү арыз менен кайрылууга мүмкүн болбой жатат", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик эгер маалыматтарда айтылган аял жөнүндө кабар болсо +77774733009 жана +77761248833 номерлерине чалып билдирип коюуну өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-karaganda-shaarynda-barar-zheri-zhok-kyrgyz-kelin-boyuncha-elchilik-n-katty



Добавить комментарий