Карагандада талаада калган кыргызстандык келин жардам сурайт – сүрөт

11 февраля 2020 10:50 996 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Казакстандын Караганда шаарында кыргызстандык келин подъезддерде түнөп жүргөнүн социалдык тармактын колдонуучулары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал кайыр сурап тапкан акчасына дүкөндөн эптеп бир нерселерди сатып алат.

Аялдын айытмында, 6 жашында үй-бүлөсү менен жол кырсыгына кабылган.

“Андан кийин алар тирүү же каза болгонун билбейт. Бирок ал Кыргызстанда иниси менен сиңдиси бар экенин так билет. Документи жок. Эч нерсеси жок. Подъезддерде түнөйт экен”, — деп соцтармактын колдонуучусу жазды.

Кыргызстандык деген келин мекенине кеткиси келгенин айткан.

“Жүрүм-туруму ырас эле, бирок аябай кыйналганы көрүнүп турат. Өзүнүн окуясы бар. Документи жок болгондуктан мекенине кайта албайт. Жардам берели, кыш суук. Ал үчүн аябай кейип жатам. Караганда кандай суук экенин өзүңөр билесиңер”, — деп жазат келиндин сүрөтүн социалдык тармакка жайгаштырган колдонуучу.

Ссылка: https://barometr.kg/karagandada-talaada-kalgan-kyrgyzstandyk-kelin-zhardam-surajt-srt



Добавить комментарий