Казакстандын чек арасында кыргызстандык ишкерлердин 26 жүк ташуучу унаалары себепсиз кармалып турат (видео)

3 ноябрь 2020 17:58 1720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык ишкерлердин жүк ташуучу унаалары Казакстандын чек арасында белгисиз себептерден улам кармалып турат. Бул тууралуу жүк ташуучу унаалардын айдоочулары “Барометрге” кайрылды.

Алардын маалыматы боюнча, учурда жүк ташуучу унаалар Кордай айылындагы «Кордай Инвест» ЖЧКсынын аймагында кармалып турат.

Жүк ташуучу унаалардын көпчүлүгүнүн ичинде Кыргызстандан өндүрүлгөн даяр товарлар жана кездемелер экен.

"Биздин жүк ташуучу унаалар жети күндөн бери казак күч органдары тарабынан себепсиз кармалып турат. Баардык тийиштүү документтери жайында. Салыктар күтүлгөндөй төлөнгөн, салык кызматы тарабынан электрондук пломбалар басылган. Бирок, буга карабастан жүк ташуучу унаалар жеке аймакта жайгашкан убактылуу токтоотуучу жайда турат. Айдоочулар аларды кармоонун себептери жөнүндө казак күч органдарынан маалымат ала алышкан жок. Жүк ташуучу унаалар негизинен Казакстандын аймагына жана Россияга кетип бара жаткан. Бул жүктөр көбүнчө Казакстанда ишкерлик кылган кыргызстандыктардык ишкерлердики”, - деди жүк ташуучу унаанын айдоочусу.

Айдоочулар Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнө бул окуяга көңүл буруп, эки тараптуу чечип берүүнү суранышууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жана Казакстан  Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. 

Евразия Экономикалык Биримдиги алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин айткан.

Алар;  жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-chek-arasynda-kyrgyzstandyk-ishkerlerdin-26-zhk-tashuuchu-unaalary-sebepsiz-karmalyp-turat-video



Добавить комментарий