Казакстандын чек арасында 100дөй жүк унаасы кармалып турат

15 июль 2021 10:09 1769 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-унаа жолу» өткөрмө бекетинде бүгүн, 15-июль саат 8:00гө карата чек ара көзөмөлүнөн өтүш үчүн 100гө жакын жүк унаасы кармалып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, 100 унаанын 30-40тайы  автомобиль тарткан контейнеровоздор. Калган унаалар эл керектөөчү товарлар менен азык-түлүк тартып бара жаткандар.

“Жүк унааларынын топтолушу экономикалык ишмердиктин жанданышы жана жүк тартуунун мезгилүү жогорулашы менен байланыштуу. Жалпысынан кыргыз-казак чек арасындагы жагдай туруктуу. Өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат”,-деп маалымдашты Чек ара кызматынан.  

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-chek-arasynda-100dj-zhk-unaasy-karmalyp-turat



Добавить комментарий