Казакстандык жигит жаңы таанышкан кызынын атына 25 насыя алганда кармалды
Казакстанда 26 жаштагы карагандалык жигит темиртаулук кызды алдап, анын атына банктардан жана чакан каржылоочу уюмдардан 25 насыя алганда кармалды.Бул тууралуу Polisia булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Полиция бөлүмүнө 22 жаштагы Темиртаунун тургуну кайрылган. Кыз жаңы эле бир жигит менен таанышып, аны менен сүйлөшүп катуу ишенип кетип жеке маалыматтарын бергенин айткан. Жаңы тааныш анын маалыматтарын колдонуп бир нече насыяны каттаткан.
“Жалганчы жети банктан 3,5 миллион жана 18 чакан каржылоочу уюмдардан 731 миң теңге алган. Жалпы чыгым 4,2 миллион теңгени түздү. 26 жаштагы Караганданын тургунуна карата алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду”,-деп маалымдашты полициядан.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-zhigit-zhay-taanyshkan-kyzynyn-atyna-25-nasyya-alganda-karmaldy
Добавить комментарий ×