Казакстандык Конор Макгрегор Алматыда унаа токтотуучу жайда иштейт

11 ноябрь 2020 17:25 1315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алматы шаарында унаа токтотуучу жайда иштеген жигиттин сырткы келбети, жүрүм-туруму, UFCнин экс-чемпиону Конор Макрегорго куюп койгондой окшош. Казакстандык Конор Макгрегор тууралуу бир катар чет элдик басылмалар да жазып, анын жашоосуна кызыгып келишет. Бул ирээт Tengrinews.kz. агентигинин журналисттери атактуу жигит менен маек курган. Аталган сайттагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.

Анын келбети, жылмаюусу жана харизмасы унаа токтоочу жайга кокустан келген кишилердин баарын өзүнө тартып турат. Бул жигит Алматы шаарында гана эмес, бүткүл Казакстан боюнча унаа токтотуучу жайда (парковщик) иштеген эң белгилүү кызматкер болсо керек.

Негизги жумушунан тышкары, ал ырдайт, ыр жазат, вайндарга тартылат, ошондой эле, киного тартылууну  кыялданат.

Анда, казакстандык Конор Макгрегор менен таанышып алыңыз, ал Алматыдагы  унаа токтотуучу жайда иштеген эң стилдүү жигит Бахрам Сапарбаев.

Бахрам өз ишине чоң жоопкерчилик менен мамиле кылат. Ал унаа токтоочу жайга күн сайын саат 10:00до келип, түн бир оокумга чейин иштейт.

Унаа токтоочу жайга жакындап калганда, стилдүү, чачтары кынтыксыз жасалган, кара көз айнек тагынган жана костюм кийген жигитти алыстан байкоого болот. Ал өзгөчө шамдагайлык менен машинанын жанына келип, сөзсүз түрдө эки тилде - казак жана орус тилдеринде саламдашып, эшигин ачат. Анын турпаты, жүрүм-туруму, жаңсоолору – бул белгилүү Макрегордун гана көчүрмөсү.

"Менин атым Бахрам Сапарбаев. Мен 30 жаштамын, Каракалпакстандан келгем. Менин үй-бүлөм ошол жерде калды, бирок мен бул жөнүндө кеңири сүйлөшкүм келбейт. Менин атамдын аты Кыдырбай, ал казак улутунан. Ал эми, апам Канипа ал өзбек улутунан. Бир туугандарым бар. Мен 12 жылдан бери Алматыда жашайм, бул жакка атактуу болуу үчүн атайын келгем”, - деди Сапарбаев.

"Автоунаа токтотуучу жайдан тышкары, тойлордо Конор Макгрегордун образын жаратып акча табам.  Карантинде мен жумуш жок олтуруп калып, курулуш жумуштарына иштөөгө туура келди. Эми мен бир жумада бир-эки жолу тойлорго барып турам.  Бир тойдон 40 миң теңге алам. Мен сахнага ирландиялык мушкердин жүрүм-туруму менен чыксам, меймандарга аябай жагат, алар мени менен сүрөткө түшүү үчүн  кезек күтүп калышат", - деди ал.

Ошондой эле, ал кинодо роль жаратууну кыялданып келет. Бир катар кастингдерге катышып, орус тилин жакшы билбегендиктен өтпөй калган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-konor-makgregor-almatyda-unaa-toktotuuchu-zhajda-ishtejt



Добавить комментарий