Казакстандык блогер 90 млн теңгелик унаасын өрттөп жиберди
Казакстандык блогер Нурдаулет Бектурсын өзүнүн “Мерседес” унаасын өрттөп жиберди. Бул тууралуу анын соцтврмактагы баракчасындагы маалыматка таянып “Баррметр” билдирет.
Ал өзүнүн инстаграм баракчасына чектен чыккан жорук тууралуу видеону жарыялады.
Анда блогер 90 миллион теңгеге бааланган өзүнүн Mercedes GT унаасынын айланасына күйүүчү суюктукту төгүп салган. Андан соң блогер унааны ширеңке жагып өрттөп жиберген.
Видеонун аягында адамдар унааны көздөй чуркап, жалынды токтотуу аракетин көрүп жатканын көрүүгө болот. Блогер өзүнүн аракетинин себептерин түшүндүрбөн эмес.
Бирок көпчүлүккө бул кылык россиялык блогер Михаил Литвиндин аракетине окшош болуп көрүнгөн, ал дагы кымбат унааларын өрттөп жиберген.
Казакстандык блогердин унаасы толук күйүп кеткен же кетпегени белгисиз.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-bloger-90-mln-tegelik-unaasyn-rttp-zhiberdi
Добавить комментарий ×