Казакстандагы митингде 80 киши кармалды

2 март 2020 11:37 753 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда активист Дулат Агадидын өлүмүнөн кийин бир нече шаарда 1-мартта кишилер митингге чыккан. Мыйзамсыз митингге чыгып, коомдук тартипти бузду деп 80 киши кармалганын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 2-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.

 “Башкы прокуратуранын бир нече эскертүүлөрүнө карабастан 1-мартта айырм кишилер мыйзамсыз митинг өткөрүүгө аракет кылышкан”, — деди министр.

Анын айтымында, полиция коомдук тартипти сактоого бардык аракеттерин көргөн.

Ал ошондой эле кармалган 80дей кишинин төртөөнө гана административдик айып салынып, калгандары түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген. Министр үч сааттан ашык эч ким кармалбаганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandagy-mitingde-80-kishi-karmaldy



Добавить комментарий