Казакстанда жылуулук системасы жарылып, 3 аял ыссык сууга күйүп каза болду

6 январь 2023 18:26 2240 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Көкшетау шаарында батирди ысык суу каптап үч аял каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 2-январь күнү таң эрте милицияга үйлөрдүн биринде жылуулук системасы бузулганы тууралуу маалымат түшкөн.  

Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барып, батирлердин биринде түтүк жарылып, бөлмөнү ысык суу каптап кеткенин аныкташкан.    

"Батир ичинен кулпуланган абалда экен. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан авариялык-куткаруу иштери жүргүзүлүп, батирге тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүлдү. Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 50, 56 жана 59 жаштагы үч аялдын сөөгү табылган. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аялдардын өлүмүнө күйүк себеп болгон», - деп айтылат маалыматта.   

Каргашалуу окуяга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.    


 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhyluuluk-sistemasy-zharylyp-3-ayal-yssyk-suuga-kjp-kaza-boldu



Добавить комментарий