Казакстанда журналистти өлтүрүп кетти
Казакстандын Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү nur.kz сайтынын журналисти Ирина Беттенова кылмышкерлердин колунан каза болду. Бул тууралуу аталган сайт жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта полиция кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Журналисттин артында 4 баласы жана картайган ата-энеси калды.
"Учурда Астана шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан журналисттин өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы жаран изделүүдө. Аны кармоо үчүн бардык чаралар көрүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө, -деп билдирген полиция кызмататы.
Журналистти акыркы сапарга узатуу аземи 27-сентябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhurnalistti-ltrp-ketti
Добавить комментарий ×