Казакстанда жашы жете элек кыз жоголуп, жардам сураганда аны төрт киши зордуктаган

8 июнь 2020 10:12 1948 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык сегменттин социалдык тармактарында колдонуучулар жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелген эркектер тобуна карата укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразы.

Колдонуучулар казакстандык Гаухар Утелбаеванын билдирүүсүндө укук коргоо органдарын тергөө иштерин баштоого жана күнөөлүүлөрдү жазалоого үндөгөн.

Утелбаеванын айтымында, акыл-эси кем болгон жашы жете элек кыз жоголуп, жардам сураганда аны төрт киши зордуктаган.

Маалыматка ылайык, экспертиза алардын бардыгы катышкандыгын далилдеди. Кыздын дене мүчөсү аябай жыртылган, бирок анын денесинин үстүндө эч кандай көгөргөн жер жок болгондуктан, полиция кызматкерлери ал каршылык көрсөткөн эмес жана өз ыктыяры менен багынган деп тыянак чыгарган. Ушунун негизинде кылмыштын курамы жок болгондуктан иш жабылган.

Майып кыздын ата-энеси полицияга жардам сурап кайрылышканда, аларга: "Сенин кызың өзү биринчи жолуккан адамдарга багынып берилди дешкен!"

“Биздин мыйзамдар (Казакстандын) аялдарга каршы жазылганын билесиңби? Мисалы, "жок" деп эле айта албайсыз. Ага каршы экендигиңизди далилдеп, кан төгүп, көгөрүп алышыңыз керек! Азыр мен көбүртүп-жабырткан жокмун, расмий түрдө ошондой. Эгерде уруп-согуу болбосо, каршылык жок - эч нерсе жок! Ойлоп көрсөң, аял эч кимге өзү менен жыныстык катнашка барууга тыюу салууга укугу жок, ал өзүнүн иш-аракетине макул эместигин көрсөтүшү керек! Бул аябай эле жөнөкөй ! Эң негизги себеби, эркектер зордуктоону жаман деп эсептешпейт. Алар ойлошот: өлгөн жокпу, коркунучтуу эч нерсе жок дешет” – деп жазган Гаухар Утелбаева.

Ал аялдардын укугун коргоого карата мыйзамдар өз ишин так аткарса, өспүрүм кыздар, алсыз аялдар да зөөкүрлөрдүн колунан жапа чегишпейт эле. Мыйзамга аял кишиге ышкырганга, секирүүгө, мазактаганга, урганга, зордуктоого карата чараларды күчөтүү керек экендигин,  тергөө ишин жандандырууну талап кылаарын белгиледи.



Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhashy-zhete-elek-kyz-zhogolup-zhardam-suraganda-any-trt-kishi-zorduktagan



Добавить комментарий