Казакстанда өзгөчө кырдаал режими узартылды
Казакстанда өзгөчө кырдаал режими апрель айынын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали билдирди.
Ага ылайык, 11-апрелде президент Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын видеобайланыш аркылуу өткөрүп, ага бардык тийиштүү органдардын башчылары катышты.
Жыйын учурунда Касым-Жомарт Токаев буга чейин киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү 15-апрелде аяктай турганын, бирок учурдагы абалды эске алуу менен өзгөчө кырдаал режимин апрель айынын аягына чейин узартуу керектигин айткан.
“Биз коронавирус жуктургандардын жогорку чекитине келе элекпиз. Андыктан борбор калаада, Алматыда, Шымкентте жана башка облустарда карантин режимин апрелдин аягына чейин узартуу керек. Албетте бул чечим жөн жерден кабыл алынган жок. Кишилердин да көчөгө чыгып, мурдагы жашоо агымына кайткысы келет. Бирок карантин режимин сактап, изоляцияда болуудан башка арга жок. Мындай сунушту атамекендик жана эл аралык адистер берип жатат”, — деди Токаев.
Эске салсак, Кыргызстанда дагы өзгөчө абал жана карантин режими 15-апрелге чейин киргизилген. Азырынча ал узартылабы же жокпу тактала элек. Өкмөт дагы бул боюнча маалымат бере элек.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zgch-kyrdaal-rezhimi-uzartyldy
Добавить комментарий ×