Казакстанда соттолгон Дамирбек Асылбек уулу Бишкектеги кармоочу жайда камакта болот

19 ноябрь 2019 16:33 2491 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Казакстан  соту тарабынан аткезчилик үчүн соттолгон мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Азырынча №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) камакта болот.

Маалыматка караганда, Казакстанда камакка алынган 3 кыргызстандык (арасында депутат бар) эл аралык келишимге ылайык мындан ары Кыргызстанда жазасын өтөшөт.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында чоң масштабдуу операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында экс-депутаттан тышкары 11 адам кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-sottolgon-kyrgyzstandyk-deputap-bishkektegi-karmoochu-zhajga-bolot



Добавить комментарий