Казакстанда социалдык баракчасына тыюу салынган маалыматтарды жүктөгөн Кыргыз жаранын милиция кармады

21 сентябрь 2018 16:10 1332 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда Кыргыз жаранын 20-сентябрь күнү полиция кармаганын Гулшайыр Абдирасулова аттуу интернет колдонуучу билдирген. Ал кармалган жарандын бир тууганы Астанадагы Кыргызстандын консулдугуна барып тийиштүү жардам ала албай жатканын кошумчалаган.

Мындан тышкары ал, кармалган жарандын жанында Бауржан Асанов аттуу жактоочу бар экенин кошумчалаган.

Интернет колдонуучулардын бири Астанада кармалган кыргызстандык 1992-жылы туулган И. уулу М. аттуу жаран экенин ал "Вконтакте" социалдык баракчасына тыюу салынган маалыматтарды жүктөгөнү үчүн кармалганын, элчилик мындан кабардар экенин жазды.

Гулшайыр Абдирасулова Астанада кармалган кыргызстандык, 20-сентябрда түнкү саат 23:00 чамасында жактоочунун жардамында бошотулганын, бүгүн, 21-сентябрда ал бир тууганы менен Кыргызстандын Астанадагы башкы консулу менен жолуга турганын билдирген.

Бул окуя мындан ары кандай өрчүй турганы боюнча маалымат азырынча бериле элек.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-socialdyk-barakchasyna-tyyuu-salyngan-maalymattardy-zhktgn-kyrgyz-zharanyn-miliciya-karmady



Добавить комментарий