Казакстанда өрт учурунда каза болгон 14 токойчунун рациадан айткан акыркы сөздөрү

12 июнь 2023 12:41 1155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Зульфия Сулейменова Абай районундагы токой чарбасынын кызматкерлеринин рация аркылуу акыркы айткан сөздөрү кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Зульфия Сулейменова каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өрткө биринчилерден болуп токой чарбасынын өкүлдөрү барганын белгиледи. 

Алар 8-июнга караган түнү байланышка чыкпай калышкан. 

«Кечээ 14 кишинин сөөгү табылды, 8-июнь күнү саат 21:00дөн саат 22:00гө жакын алар менен байланыш үзүлүп калды. Акыркы жолу рациадан шамалдын багыты өзгөрүп, аларды коюу түтүн каптаганы тууралуу укканбыз. Коюу түтүндөн аларды табуу мүмкүн болгон жок. Кечээ алардын жансыз денеси табылды. Учурдан пайдаланып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кызматтык милдетин аткарып, өрттү өчүрүү учурунда баатырларча каза болушту», - деди Зульфия Сулейменова. 

Жалпысынан министрдин айтымында, абал бир топ татаал. Шамал күчөшүнөн токойдогу өрт бат жайылып, өчүрүү иштерине тоскоол болуп жатат. 

Ошондой эле, бир нече күндүн ичинде болжолдоолорго ылайык, катуу шамал болуп, өрттү өчүрүүгө терс таасирин тийгизет. 

"Биз мүмкүн болушунча өрттү локалдаштырууга жана чектөөгө үмүттөнөбүз. Келтирилген зыяндын масштабы дагы бааланат. Комиссия өз ишин жүргүзөт. Биз муну мүмкүн болушунча тез арада жасайбыз, бирок, өрт өчүрүлгөндөн кийин. Анткени өрт болгон жерге баруу керек. Жумуш кооптуу. 
Бирок, азыр деле зыяны абдан олуттуу деп болжолдоого болот. Анткени, бул өрт балким биздин тарыхыбыздагы эң чоң өрттөрдүн бири. Бул тууралуу айтууга али эрте, бирок кыязы, келтирилген зыян миллиарддаган теңгеге бааланат»,-деп жыйынтыктады Зульфия Сулейменова.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-rt-uchurunda-kaza-bolgon-14-tokojchunun-raciadan-akyrky-ajtkan-szdr



Добавить комментарий