Казакстанда төрөлүшүн 10 жыл күткөн наристе жарык дүйнөгө келди

11 декабрь 2020 14:12 1225 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда наристе 10 жыл бою өзүнүн төрөлүшүн күткөн. Тактап айтканда, наристе 10 жыл мурда тоңдурулган эмбриондон төрөлгөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Казакстандын Саламаттык Сактоо департамент бул эмбриондун тоңуп турушунун эң узун учурларынын бири деп билдирди. Аны 10 жыл сактагандан кийин колдонушкан. Бул процесс криоконсервация деп аталат.

"Эмбриондорду криоконсервациялоо жана сактоо Казакстанда төрөт курагындагы аялдарды кайрадан уруктандыруу мүмкүнчүлүгү үчүн жүргүзүлөт. Бул процесс Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучунун 2009-жылдын 30-октябрындагы No 624 "Жыныстык клеткаларды донорлукка сактоо жана сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу менен жөнгө салынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо департаменти мындай процедура милдеттүү социалдык медициналык камсыздандырууга киргизилгенин билдирди. Жубайларга экстракорпоралдык уруктандыруу үчүн квота берилиши мүмкүн.

Бирок, 10 жыл күтүү рекорд эмес. Буга чейин АКШнын тургуну Молли Эверетт Гибсон эмбриону тоңдурулган 28 жылдан кийин төрөлгөндүгү маалымдалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда да жасалма уруктандыруучу клиникалар ачылып иштеп жатканы маалым. Бирок, алардын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жаш энелердин саны арбын. Оңой эмес акча берип, бирок, эне болуу бактысын сезе албай же акчадан же баладан жок калгандар четтен чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-nariste-10-zhyldan-kijin-trld



Добавить комментарий