Казакстанда масштабдуу түрдө банан өстүрүлө баштады

14 август 2023 16:33 1615 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда биринчи жолу масштабдуу түрдө банан өстүрө башташты. Бул тууралуу  Казакстандын Tengrinews.kz сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, коңшу Казакстандын Түркстан облусунда банан өндүрүү боюнча күнөскана комплекси курулган.  

Түркиянын GenGroup Qazaqstan компаниясы аймакка банан бактарын өстүрүү үчүн 5,3 гектар жерге күнөскана комплексин курду.   

Банандын мындай сорту атайын өстүрүлүп, Казакстандын климаттык шартына ылайыкташтырылган.  

 "Жакынкы аралыкта күнөскана дагы 5 гектарга кеңейип, жылына 1000 тоннага жакын банан өндүрүлөт. Биринчи түшүмүн 6-8 айда алуу пландалууда. Экзотикалык мөмө-жемиштерден тышкары помидор, кулпунай күнөсканаларда өстүрүлөт», - деп айтылат маалыматта.  

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-masshtabduu-trd-banan-strl-bashtady



Добавить комментарий