Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 35 кишиге жетти

18 март 2020 10:21 583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 35 кишиге жетти.

Ага ылайык, бир суткада дагы эки жаңы учур катталган. Ал бейтаптар Алматыда.

“Бүгүнкү күнү өлкө боюнча коронавирус 35 кишиден аныкталды. Алардын 18и Нур-Султанда болсо, 17си Алматыда”, — деп Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми коронавирус Кыргызстанда дагы аныкталып, 18-мартта саламаттык сактото министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Аравиясынан кичи ажылыкка барып келген үч кишиден вирус аныкталганын маалымдады. 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhuktukrgandardyn-sany-35-kishige-zhetti



Добавить комментарий