Казакстанда коронавирус жуккандардын саны 66 кишиге жетти
Бөлүшүү:
Казакстанда коронавирус 66 кишиге жукканы тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 24-мартка карата дагы эки учур аныкталган.
Казакстандын аймактарындагы коронавирус боюнча абал төмөнкүдөй:
Нур-Султан – 34;
Алматы – 28;
Караганда – 2;
Алматы облусу – 1;
Актөбө - 1.
Казакстанда коронавирустан улам Алматы жана Нур-Султан шаарына өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин жарыяланган.
Акыркы маалыматтар боюнча 16 кишиден коронавирус табылган. Алардан бардыгы Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-66-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×