Казакстанда коронавирус жуккандар 68 кишиге жетти
Бөлүшүү:
Нур-Султан шаарында бир күндө эле коронавирус жуккан жаңы үч учур аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 24-мартка алынган маалымат боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 68ге жетти.
Казакстандын аймактарына бөлүп караганда абал мындай:
Нур-Султан – 35;
Алматы – 29;
Караганда – 2;
Алматы облусу – 1;
Актөбө облусу – 1.
Ал ортодо Кыргызстанда вирус жуккандардын саны 42ге чыкты. 24-мартта жаңы 26 учур аныкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhukkandar-68-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×