Казакстанда коронавирус жуккан дарыгерге 360 миң сом, каза болсо 1,8 млн сом төлөнөт

30 март 2020 18:11 1461 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда бейтаптарды дарылап жаткан дарыгерге коронавирус жукса 2 млн теңге (360 миң сомдой), ал эми оорудан каза болсо 10 млн теңге (1,8 млн сомдой) төлөнөт. Бул каражаттын бардыгы социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик фонддон каралат.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абалды жакшыртууда иштеген медициналык кызматкерлерге кошумча каражат бөлүү боюнча чечимди өкмөт бекиткен.

Премьер-министр Аскар Мамин Эмгек жана элди социалдык коргоо министрлиги дарыгерлердин ден соолугу менен өмүрүн камсыздандырууну тапшырды.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда 294 киши коронавируска чалдыгып, бир бейтап каза болгон. Ошол эле маалда 20 киши айыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhukkan-darygerge-360-mi-som-kaza-bolso-18-mln-som-tlnt



Добавить комментарий