Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды

24 апрель 2019 16:16 1370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызстан" фракциясынын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Казакстандагы кызматы маалымдады.

Бул боюнча ишти караган Казакстандын Алмата райондор аралык соту Дамирбек Асылбек уулун “аткезчиликке” жана “трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө катышкан” деп айыптап, 10 жылга эркинен ажыратты.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 15-16-февралда Казакстандын күч органдары тарабынан  жүргүзүлгөн операцияда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн билдирген.

Сот Алмата шаарында болуп, прокурор Асылбек уулун 12 жылга абакка кесүүнү сураган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-karmalgan-deputat-damirbek-asylbek-uulu-10-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий