Казакстанда ит, мышыктардын, чычкандын этин жегенге тыюу салынат

8 октябрь 2021 21:20 1368 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда этин тамак-ашка колдонууга болбой турган айбанаттардын тизмеси аныкталат. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстарынын вице-министри Алия Шалабекова билдиргенин Казакстандын маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Казакстандын вице-министри учурда бул тууралуу долбоор даярдалып жатканын маалымдады.   

“Бул тизмеге ит, мышык, тоту куш, ак чычкан, хомяктар кирет.Бул үй жаныбарлары катары колго багылып жаткан негизги жаныбарлар”, - деп айтты ал.

Ал аталган норма өлкөдөгү бир нече окуядан кийин иштелип чыкканын белгилеп өттү.

“Бир адам приюттан иттерди алып кетип турчу экен, бирок ал анын этин колдонгон. Бизде кайсы бир жаран приютта багылып жаткан жаныбарды алып кетсе, дайыма аны карап туруу каралмакчы. Жанбарларды карай турган жайдан алынган үй жаныбарларына көзөмөл күчөтүлөт”, - деп айтты ал.

Шалабекова коомду бул маселеге келгенде жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.

“Кокус кошунанын ити көрүнбөй калса, кайда кеткенин тактоо керек? Ит деген бул көрүнүп эле турган жаныбар. Эгерде кожоюну аны издебей жатса, коңшулары маалымат бериши керек”, - деп айтты вице-министр.

Мындай кылмышка 583 400 миң теңге айып пул каралып, 200 саатка чейин коомдук жумушка тартуу, 50 суткага чейин камакка алуу же кызматынан бир жылга чейин четтетүү каралат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-it-myshyktardyn-chychkandyn-etin-zhegenge-tyyuu-salynat



Добавить комментарий