Казакстанда бүгүн коронавирустан каза болгондор эскерилип жатат
Казакстанда бүгүн коронавирустан каза болгондор эскерилип жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактарына таянып «Барометр» билдирет.
Бүгүн, 13-июлда коңшу казак элинде «Улуттук аза кутүү күнү» белгиленип жатат. Анда Казакстандын аймагындагы туулар түшүрүлүп, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулду. Коронавирустан курман болгондор эскерилип, мечиттерде куран окулуп, саат 12:00дө өлкө аймагында аза мүнөтү өтөт.
Казакстанда акыркы алынган маалыматка ылайык жалпы 58 253 учур катталды. Анын 33 814ү айыгып, 375и каза болду.
Белгилей кетсек, аталган өлкөнүн башчысы Касым-Жоматр Токаев 13-июлду коронавирустан каза болгондорду эстеп, «Улуттук аза күтүү күнү» деп жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-bgn-koronavirustan-kaza-bolgondor-eskerilip-zhatat
Добавить комментарий ×