Казакстанда аялдын башына муз түшүп, окуя болгон жерден мерт кетти
Бөлүшүү:
Казакстанда үйдүн чатырынан түшкөн муз 60 жаштагы аялдын башына түшүп кетип, ал окуя болгон жерден жан берген. Мындай маалыматты казак басылмалары жазышты. Маалыматта айтылгандай, окуя Алматыдагы Бостандык раойнунда, бүгүн 20-ноябрда саат 13:00 чамаларында болгон. Бул тууралуу Алматы полициясы дагы массалык маалымат каражаттарына тастыктаган.
Учурда кырсык тууралуу тийиштүү медициналык-экспертизалар дайындалып жаткандыгы айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-ayaldyn-bashyna-muz-tshp-okuya-bolgon-zherden-mert-ketti
Добавить комментарий ×