Казакстанда авария болгон автобуста кайсы өлкөнүн жарандары бар экени такталды

20 апрель 2019 21:21 9741 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 20-апрелде Казакстандын Жамбыл областында авария болгон автобуста Казакстандын,Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары бар экени аныкталды. Бул тууралуу 24.kz булагы кабарлады.

Алматы-Ташкент унаа жолунда болгон кырсыкта окуя болгон жерден 8 адам каза тапкан, 32 адам ооруканага жеткирилген.

Дагы 3 адам алган жаракатынан ооруканада улам каза тапты.     Каза болгон 11 адамдын ичинен 7 жаран Казакстандын, 3 жаран Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Дагы бир адамдын өздүгү тактала элек. Ооруканага Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары жеткирилди.   

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-avariya-bolgon-avtobusta-kajsy-lknn-zharandary-bar-ekeni-taktaldy-foto



Добавить комментарий