Казакстанда 55 жаштан жогорку жарандардын жумушка чыгуусуна чектөө киргизилет
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында “риск топко” кирген жарандардын жумушка чыгуусун чектеп, аларга үйдөн иштөөгө шарт түзүү керектигин билдирди.
“Тажрыйба көрсөткөндөй, медициналык системага эң көп ооручулукту жана өлүмдү “риск тобуна” киргендер алып келүүдө. Булар өнөкөт жана башка орчундуу оорулар менен жабыркаган 55 жаштан жогорку жарандар”, — деди Токаев.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда ушул тапта коронавирус 62 кишиге жукканы расмий ырасталды. Алардын ичинде Нур-Султанда – 32, Алматыда – 26, Карагандада – 2, Алматы облустунда – 1, Актөбөдө – 1. Алматы менен Нур-Султан шаарларына карантин киргизилип, 22-марттан тарта кирип-чугуу чектөөгө алынган.
Добавить комментарий ×