Казакстан мамлекеттик чек арада иштеп жаткан чектөө чараларын күчөттү

3 ноябрь 2020 15:36 1066 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстан чек арада чектөө чараларын күчөттү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

 Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болгон). Бул чечим Казакстан Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.

 Ошондой эле, 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин КЭР жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.

Түркия менен эл аралык авиарейстерди үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан тартып жумасына 33төн 20га  чейин кыскартуу пландаштырылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-mamlekettik-chek-arada-ishtep-zhatkan-chekt-charalaryn-kchtt



Добавить комментарий