Казакстан Кыргызстанга ун ташып келүүдөгү чектөөнү ала элек
Кыргызстан ун, буудайды алууда Россия менен Казактанга көз каранды экенин вице-премьер Эркин Асрандиев парламенттин жыйынында айтты. Ал өз сөзүндө өлкөдө тамак-аш коопсуздугу сакталып жатканын, бул жаатта маселе болбойт деп ишендирди.
“Бизге буудай менен ун Россия, Казакстандан келет. Россия тарапка кайрылуу жөнөтүлүп, 100 миң тонна буудай алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлгөн болчу. Ошол көлөмдүн ичинен биздин мамлекеттик мүлк фонду 28 миң тоннага келишим түзүлгөн. Апрель, май айларында Кыргызстанга 28 миң тонна буудай келет.
Казакстан бардык мамлекеттерге карата март айынын аягында квота киргизип койду. Кыргызстанга бир айга 30 миң тонна буудай, же 22 миң тонна ун деп чек койгон. Бизге келген маалымат боюнча мындай квота сентябрь айына чейин күчүндө болот экен”, — деди Асрандиев.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kyrgyzstanga-un-tashyp-keldg-chektn-ala-elek
Добавить комментарий ×