Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын жардам катары берет

27 июль 2021 17:25 1054 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга COVID-19га каршы 25 миң доза QazVac вакцинасы жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Вакцина өлкөгө эртең 28-июлда жеткирилет. "Кордай" - "Акжол" өткөрүү бекетинде гуманитардык көмөктү кабыл алуу иш-чарасына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандагы Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев катышат.

Эскерте кетсек, QazVac вакцинасы Казакстандын билим жана илим министрлигинин биологиялык коопсуздук маселелери илимий-изилдөө институтунда иштелип чыккан.2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды эмдөөдө Кытайдын жана Россиянын вакциналары менен катарлаш колдонулуп келе жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kyrgyzstanga-25-mi-doza-qazvac-vakcinasyn-zhardam-katary-beret



Добавить комментарий