Казакстан КР жарандарына чек арадан ID карт менен өтүүгө тыюу салды
Казакстан Кыргызстандын жарандарына чек арадан ID карт менен өтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, казак тараптан тийиштүү нота Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине келген.
“Казак тарап 8-марттан баштап кыргызстандыктардын чек арадан ID карта менен өтүүсүн убактылуу токтотуп турууу боюнча чечим кабыл алды”, — деди Абдрахманов.
Анын айтымында, Казакстандын өкмөтү дүйнөнү каптаган коронавирустан улам ал турукташканга чейин ушундай чечим кабыл алган.
Кыргызстан дагы чек арадан ID карта менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу чектөө киргизген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kr-zharandaryna-chek-aradan-id-kart-menen-tg-tyyuu-saldy
Добавить комментарий ×