17 күн болду. Кытайдан көз жумган кыргызстандык студенттин сөгү келе элек

13 апрель 2021 09:55 5003 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Шанхай шаарында билим алып жүрүп, жол кырсыгынан каза болгон мекендешибиз Бексултан Шадыкановдун сөөгү Кыргызстанга келе элек. Бул тууралуу “Барометрге” каза болгон баланын жакындары кабарлады. 

Эске сала кетсек, Бексултан каза болгон кырсык Кытайдын Шанхай шаарында 28-март күнү болгон

22 жаштагы кыргызстандык Бексултан Шадыканов мотоцикл менен келе жатып, бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Рулду Бексултан башкарып бара жаткан. Жанында дагы бир бала болгон. Ал Тажикстандын жараны. Ал оор абалда ооруканга жеткирилип, операция жасалган. Ал жандандырүү бөлүмүндө өзүнө келе албай жатканы кабарланган.

Маркум мекендешибиздин жакындарынын айтымында, Кыргызстан тараптан зарыл болгон документтер берилген.

“Биз баардык керектүү документтерди бердик. Ал жакта Кыргызстандын Кытайдагы консулдугунун кызматкерлери өздүрү иш алып барып жатышат. Соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, териштирүү иштери аяктап калыптыр. Эми, сөөктү ушул жума ичи “жүк-200дү” жеткирүү кызматтары дайындайт экен. Анан, Кытайдан Россия аркылуу келери кабарланды”, - дешти маркумдун жакындары.

Бексултан Шадыканов Жалал-Абад шаарында туулуп, өскөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Ал Бишкек Гуманитардык Университетинин кытай тили факультетинде эки жыл билим алып, эки жылын Кытайдан окуу үчүн кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgonuna-17-kn-boldu-kytajdan-kz-zhumgan-kyrgyzstandyk-studenttin-sg-kele-elek



Добавить комментарий