Катуу шамалдан Ысык-Көлдө бир нече имарат чатырсыз калды
Бөлүшүү:
Ысык-Көлдө катуу шамал болуп, бир катар үйдүн жана имараттардын чатырын учуруп кетти.
ӨКМ билдирүүсүнө караганда, кече күнкү шамалдан улам Караколдо жана Жети-Өгүз районунда шамалдын ылдамдыгы 14 метрге жеткен. Жыйынтыгында райондук соттун, бала бакчанын жана бир катар турак үйдүн чатырлары учурулган.
ӨКМ райондук башкармалыгы учурда чыгымдарды эсептеп чыгуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/katuu-shamaldan-ysyk-kld-bir-neche-imarat-chatyrsyz-kaldy
Добавить комментарий ×