Каражатты үнөмдөш үчүн үлпөт той жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бирге өттү
Facebook соцтармагын колдонуучулардын бири достору менен тааныштарын бир күндө өтүүчү эки окуяга күбө болууга чакырды. Бири - өзүнүн үлпөт тою, экинчиси – тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Эки иш-чара каражатты үнөмдөө үчүн бирге өтөрүн кыз жана анын үй-бүлөсү чечкендигин Лента.ру. маалымат булагы жазды.
Кыз өз билдирүүсүндө тууганынын өлүмүнө карабай үлпөт той болорун кабарлап, кайгырып турушса дагы, бул жоготуу тойду жылдырууга себеп болбой тургандыгын жазган.
Ошондой ал сөөк коюуга көп чыгым кеткендиктен эки иш-чара бир өтөрүн белгилөө менен конокторун эч тартынбастан келе берүүсүн айтып, үлпөт тойдун жүрүшүндө табыттын жанына келип, маркум менен коштошо берүүнү сунуштайт.
Соцтармактын колдонуучулары кыз менен анын үй-бүлөсүнүн мындай чечимин таң калуу менен кабыл алышууда.
Добавить комментарий ×