Түнкү клубдар, караоке. Кайсы тармактар азырынча ачылбайт
Бөлүшүү:
Карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
5-этап
2020-жылдын 1-июнунан тартып:
- Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
- Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
- Аудит жана консалтингдик компаниялар;
- Жарнама агенттиктери;
- Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.
2020-жылдын 5-июнунан тартып:
- Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.
2020-жылдын 8-июнунан тартып:
- Ички рейстер (Бишкек-Ош каттамы, күнүнө бир жолу).
Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга карата уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Мындан тышкары, төмөнкү багыттар боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда, алар:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
- кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
- соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;
- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;
- билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
- автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.
Ссылка: https://barometr.kg/karantin-rezhiminde-uruksat-berilgen-ekonomikalyk-ishtin-trlr
Добавить комментарий ×