Түнкү клубдар, караоке. Кайсы тармактар азырынча ачылбайт

29 мая 2020 15:51 1269 Barometr
Поделиться в:
ok

Карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

5-этап

2020-жылдын 1-июнунан тартып:

  • Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  • Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  • Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнама агенттиктери;
  • Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.

2020-жылдын 5-июнунан тартып:

  • Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

2020-жылдын 8-июнунан тартып:

  • Ички рейстер (Бишкек-Ош каттамы, күнүнө бир жолу).

Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга карата уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.  

Мындан тышкары, төмөнкү багыттар боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда, алар:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
  • соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;
  • билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
  • автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

Ссылка: https://barometr.kg/karantin-rezhiminde-uruksat-berilgen-ekonomikalyk-ishtin-trlr



Добавить комментарий