Караколго бара жаткан жолдо эки унаа кагышып, эки адам каза болду

25 декабрь 2018 10:43 1147 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда эки унаа кагылышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Анда жазылгандай, 2018-жылдын 24-декабрь күнү саат 23:45 чамасында Чоң-Сары-Ой айылына жакын жерде  “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Бенц210” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен  2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан. 

Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/karakolgo-bara-zhatkan-zholdo-eki-unaa-kagyshyp-eki-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий