Караколдо көп кабаттуу үйдүн эшигин ширетип бекитип салышты – сүрөт

6 апрель 2020 11:45 1725 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы эшигин 5-апрелде ширетип бекитип салышты. Себеби аталган үйдөгү батирлердин биринин тургунунан коронавирус табылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Барометр” маалымат агенттигине билдиришти.

Ага ылайык, үй “Кирпичный” кичи районунда жайгашкан. Подъезддердин бирине темир эшик коюлса, калгандарына кулпу салынган.

Аталган үйдө жашагандар сыртка чыга албай калды.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов “Барометр” агенттигине билдиргендей, аталган үйдөгү тургундардын бири жакында эле Индиядан келип, андан коронавирус табылган.

“Жергиликтүү бийликтин чечими менен аймакты тосуп, эшиктер ширетилген”, — деди ал.

Усубакунов андан сырткары аймакка блокпосттор коюлуп, милиция күзөтүп жатканын кошумчалады.

Жабык эшик артында канча киши калганы белгисиз.

6-апрелде Кыргызстан боюнча коронавирус жуккан 69 жаңы учур аныкталган. Алардын бири Каракол шаарында. Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 216 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-kp-kabattuu-jdn-eshigin-shiretip-bekitip-salyshty-srt



Добавить комментарий