Караколдо кѳчѳлѳргѳ жаңы ысымдар берилди
Каракол шаарындагы 3 көчөгө жаңы ысымдар ыйгарылды.
Каракол шаардык кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдагандай, Кузбаск жаңы конушунун бир көчөсүнө белгилүү актер Советбек Жумадыловдун ысымы ыйгарылды. Ошондой эле, ушул эле жаңы конуштун экинчи көчөсүнө Балбай баатырдын аты берилди.
Ал эми С.Абраимов жаңы конушунун бир көчөсүнө доцент Авен Майрыковдун ысымы ыйгарылды.
Кыргыз элинин легендарлуу актеру Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Театр жана кино актеру өзүнүн чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарган. Актер көпчүлүктүн эсинде «Биринчи мугалим» тасмасында Каимбайдын, «Акмөөрдө» Баякенин, «Акбаранын көз жашында» Бостондун образында калган. Ал 2001-жылы Бишкек шаарында 69 жашында каза болгон.
Авен Майрыков 1941-жылы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргызстан мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде билим алган. Көп жыл жогорку окуу жайларда мугалим болуп иштеген. 25 илимий иштин, окуу-методикалык колдонмолордун автору.
Балбай баатыр Эшкожо уулу (1813-1867) - кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан баатырларынын бири.
Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-kchlrg-zhay-ysym-berildi
Добавить комментарий ×