Караколдогу батирде киши колдуу болуп каза тапкан аялдын сөөгү табылды

27 октябрь 2021 10:52 1651 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Караколдо батирде сөөгү табылган аялды өлтүрүүгө шектелип анын жарандык күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн «102» номерине квартирадан аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу уктоочу бөлмөдөн 42 жаштагы Б.Ч.нын жансыз денесин табышты. Денени кароо учурунда канталаган тактар табылды.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аялдын өлүмүнө шектелип анын жарандык күйөөсү, Ак-Суу районунда туулган 34 жаштагы А.А. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Каракол шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жаткан маалда аны 2 айга камоо тууралуу чечим чыкты.

Иликтөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldogu-batirde-kishi-kolduu-bolup-kaza-tapkan-ayaldyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий