Караколдо айдоочу турак үйдүн дубалын сүзүп, окуя болгон жерден каза болду
Бөлүшүү:
Караколдо Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, турак үйдүн дубалын сүздү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя 3-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Пржевальский жана Харьковский көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган Ө.С. аттуу эркек киши каза болду. Куткаруучулар айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-ajdoochu-turak-jdn-dubalyn-szp-okuya-bolgon-zherden-kaza-boldu
Добавить комментарий ×