Кара-Сууда, прокуратура мектепти курууда 24 миллиондон ашык сомго зыян келтирилгендигин аныктады

28 декабрь 2020 13:30 803 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы мектепти курууда 24 миллиондон ашык сомго зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматыга таянып "Барометр" билдирет.

Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 млн. 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктаган.

Атап айтсак, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишимдер түзүлгөн жана 2019-жылдын 5-сентябрында мектеп пайдаланууга берилген.

Бирок, райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнун кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды (наркын) жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле, айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен.

Бул факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында КРнын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык( пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-prokuratura-mektepti-kuruuda-24-milliondon-ashyk-somgo-zyyan-keltirilgendigin-anyktady



Добавить комментарий