Кара-Сууда бир айда 900гө жакын кир жуучу машиналар чыгарылууда

10 сентябрь 2020 16:25 1015 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 10-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунун Анжиян айылында кыргыз-өзбек биргелешкен «Артель электроникс» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

«Артель электроникс» ишканасы Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы декабрда Өзбекстанга болгон расмий сапарынынын алкагында ишке ашкан.

Бүгүнкү күндө ишканада 105 адам иштеп жатат, жумуш орундарынын санын 200гө жеткирүү мерчемделген.

Ишкана айына 900дөй кир жуучу машина өндүрөт, ар айдагы сатуу көлөмү 3 млн сомду түзөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокко сатылат, келечекте экспортко чыгаруу пландаштырылган. 2022-жылы аталган ишканадан газ плиталарын, ал эми 2023-жылдан тарта телевизор менен муздаткычтарды өндүрүү мерчемделип жатканы белгиленди.

«Ишкананын алдыда чоң экспорттук потенциал бар, ал эми Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, аны менен продукцияларды бажы тоскоолдуктарысыз, алымдарысыз жеткирүүгө болот», -деди Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunundagy-kyrgyz-zbek-birgeleshken-artel-elektroniks-ishkanasy-zhylyna-900-kir-zhuuchu-mashinalardy-ndrd



Добавить комментарий