Кара-Суу районунда 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
Карасуу районунун имамынын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө жардамга азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында жайгашкан «Мирзалим» атындагы мечиттин имамы Мусажан Усмановдун демилгеси менен жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө 102 700 сомдук азык-түлүк таратылды.
Кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алып, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү жеринде тапшырышып, муктаждарга жагымдуу маанай тартуулашты.
Азык түлүктөрдөн эт, ун, май, макрон, күрүч жана курма сыяктуу күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүктөр сатып алынды.
«Имамдарыбыз буга чейин да кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, демилгелерди көтөрүп келишкен. Учурда биздин имамдар жакшылыкта жарышып жаткан кези. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Жакшылыкка далалат кылуучу, аны кылган сыяктуу» деп айткан. Жараткан Аллах бүтүндөй жакшылыкка себепкер болгондордон ыраазы болсун», -деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-40-j-blg-azyk-tlk-taratyldy
Добавить комментарий ×