Кара-Кулжадагы мектеп түндө күйүп кетти – видео

18 февраль 2020 15:49 670 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо-Чаты айылындагы мектеп түндө күйүп кетти. Бул тууралуу айыл тургундары “Барометр” агенттигине билдирди.

Ал эми ӨКМдин маалыматы боюнча өрт 17-февралда түнкү саат 11:50лөр чамасында чыккан. Бирок өрт өчүрүүлөр таңкы 7:40та жетишкен.

“Бригада эртең мененки саат 7:40та гана жетти. Себеби мектеп райондун борборунун 122 чакырым алыстыкта жайгашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөр келгенден кийин 15 мүнөттөн соң өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө 15 өрт өчүрүүчү тартылган. Жалпысынан жалын 500 чарчы метр жерге жайылган.


Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzhadagy-mektep-tnd-kjp-ketti-video



Добавить комментарий