Кара-Кулжада унаа сууга кулап, үч адам агып кетти

25 июнь 2021 11:38 1705 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош областынын Кара-Кулжа районунда Hyundai Porter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып дайрага түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Унаада беш адам болгон. Куткаруучулар барганга чейин жергиликтүү тургундар 40 жаштагы эркек киши менен 13 жаштагы өспүрүмдү куткарышкан.

“Үч адам: төрт жаштагы бала жана 36 жаштагы 25 жаштагы эки киши сууга агып, дайынсыз болууда. Аларды издөө уланууда”, - деп маалымдашты ӨКМдан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzhada-unaa-suuga-kulap-ch-adam-agyp-ketti



Добавить комментарий