Кара-Кулжа райондук ИИБнин кызматкерлери күнү түнү иштеп жатышат

15 апрель 2020 16:50 1473 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген аймактарда коронавирус жугуштуу илдетин алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү улантылууда. Милиция кызматкерлери райондо жайгашкан баардык айыл аймактарын кыдырып санитардык-гигиеналык коопсуздукту сактоо боюнча эрежелерин маалымдап түшүндүрүү чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

“Өзгөчө кырдаал” убагында Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ИИБнин кызматкерлери коронавирустук жугуштуу илдетин жайылышын алдын алуу жана токтотуу багытында зарыл болгон чараларды көрүүдө. Өздүк курам коомдук укук тартипти касыздоого толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Райондун борборунда коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жөө жана унаа менен кайгулдоо уюштурулууда. Жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкта сактоосу, беткапсыз көчөгө чыкпоосу сунушталууда, мындан тышкары “өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын сактоосун эскертүүдө.

Ошондой эле, Кара-Кулжа районун башка айыл-аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен 19 айылдын ичинде жергиликтүү тургундардан куралган 80ден ашуун фильтрациялык посттор орнотулду. Милиция кызматкерлери тарабынан кайтарыла турган, обсервациялык пункт алдын ала даярдалды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzha-rajonduk-iibnin-kyzmatkerleri-kn-tn-ishtep-zhatyshat



Добавить комментарий