Кара-Кечеде кызматкерлер сасык тумоо менен ооруган, алар дарыланууга кетишти

2 ноябрь 2020 11:46 863 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакында эле интернетте Кара-Кечеде короновирус менен жумушчулар оруп калды деген маалымат тарап кеткен. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ага байланыштуу “Кыргызкөмүр” Мамалекеттик Ишканасы  атайын чараларды көрүп, абалды жөнгө салды. “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан жумушчуларга жана медиктерге атайын машине бөлүнүп, жумушчулар экспресс тест тапшырып жыйынтыгында сасык тумоо менен ооруганы белгилүү болду. 

Бүгүн 1- ноябрдан баштап мурдагы жумушчулар менен контакта болбогон жаңы кызмакерлердин тобу келишти.  

Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп атат. Жетекчилик тараптан 30 - 31-октябрга караган күнү  бир жарым суткага жумуш токтотулган.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлүнүн кызматкерлери, акыркы күндөрү иштеген жумушчулардан анализ алышты. Кара-Кечедеги техникаларды жана адам көп жүрүүчү жайларды дезинфекциядан өткөздү.

Күн сайын атайын медицина кызматкерлери жумушчулардын температурасын текшерип, көзөмөлдөп жатышат. Жалпы жумушчуларга короновирус илдетинен коргонуучу каражаттар бөлүнүп берилди.

“Көмүргө келген жалпы жараандар  жана айдоочулар,  Кара-Кечеге киргенде маска  тагынып  антисептик менен колуңуздарды тазалап туруңуздар. 

Ооруган айдоочулар, айыкканга чейин  көмүр алууга  кирбей турууңуздарды суранабыз!”. 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kechede-kyzmatkerler-koronovirus-emes-sasyk-tumoo-menen-oorugan-alar-darylanuuga-ketishti



Добавить комментарий